POST1RIGHT
Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттер ортосундагы кызматташтык жылдан жылга бекемделип, ал дүйнөдөгү таасирдүү уюмдардын бирине айланууда. Уюмдун негизги кызматташуу багыты бул коопсуздук маселеси. Ал түзүлгөн убактан бери тең укуктуулук, өз ара ишеним, маданий көп түрдүүлүккө маани берилип, бирге өнүгүү принциптери бекем сакталып келет.
“Шанхай бештиги” аталган формалдуу эмес уюм 2001-жылы толук кандуу Шанхай кызматташтыгы болуп түзүлгөн. Ага алты мамлекет мүчө болуп, бул аралыкта ал эл аралык аренда өзүнүн турумун бекемдеп, абройлуу уюмдардын бирине айланды. 2017-жылы ага Индия менен Пакистан толук кандуу мүчө болуп кирип, азыр Шанхай Кызматташтык Уюму Евразия аймагынын дээрлик жарымынан көбүн ээлеп, калкынын саны 3 млрддан ашты.
Шанхай кызматташтык уюмунун жогорку органы болуп уюмга мүчө мамлекет башчыларынын кеңеши саналат. Кеңеш жылына бир жолу чогулуп, маанилүү маселелер, аларды ишке ашыруу жолдору боюнча чечимдерди кабыл алат. ШКУнун катчылыгы Бээжинде, терроризмге каршы аймактык комитети Ташкентте жайгашып, туруктуу иш алып барат.
Шанхай кызматташтык уюмунун негизги тапшырмаларынын бири терроризм, экстремизм жана сепаратизмге каршы күрөшүү. Мындан сырткары уюмга мүчө мамлекеттер баңгизатка жана киберкылмыштарга каршы күрөшүү багытында аракеттерди күчөтүүдө.
Шанхай кызматташтык уюму түзүлгөндөн бери ага мүчө мамлекеттин ортосунда тең укуктуулук, өз ара ишеним, маданий көп түрдүүлүккө маани берилип жана бирге өнүгүү принциптери бекем сакталып келет.
Коопсуздук маселесинен сырткары Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттер саясий, соода экономикалык, илимий техникалык жана маданий тармактарда натыйжалуу жана тыгыз кызматташып, дүйнөдө жана аймакта тынчтык туруктуулукту сактоого чоң салым кошуп келе жатат.