“Кыз Бурак” тобунда жаңы жүздөр.

Клипмейкер Эрнист Сыдыков студиялуу болду.
Кыргыз шоу бизнесиндеги 90 пайыз ырчылардын клибин жарыкка чыгарып, тартып жүргөн режиссер, клипмейкер Эрнист Сыдыков өзүнүн жеке студиясын ачты. Ал жакта фото жана видео студия болуп, шоу бизнес өкүлдөрү үчүн өзүнүн кызматтарын тартуулаганы турушат. Бул студиянын ачылышы тууралуу Эрнист Сыдыков: “Мен көпчүлүк учурда буга чейин үйдөн иштеп келгем, үйдөн дагы бардык ырчыларды чакырып, алар менен кеңешүү бир аз ыңгайсыздыктарды жараткандыктан, чыгармачылык эргүү топтоо үчүн жеке студиямды ачып иштөөнү туура көрдүм. Мындан ары дагы жаңы клиптерди, жаңылыктарды менден күтсөңүздөр болот” – деп билдирди.

Аваз Акимов жеке бизнес ачты.
Аваз Акимов өзүнүн чакан жеке бизнесин ачты. Буга чейин сиздер Аваз мырзаны ырчы катары таанып билсеңиздер, эми аны бизнес жаатында да көрсөңүздөр болот. Аваз Акимов чакан бизнесин айдоочулар үчүн мотор майларын куюуучу жана алардын фильтрлерин тазалоочу жай ачып айдоочуларга өзүнүн кызматын көрсөтө баштады. Ырчынын айтымында “эгерде бизнесим ийгиликтүү болсо, дагы да болсо айдоочуларга жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, кеңсебизди чоңойтобуз” – деп билдирди.
