А.Намазалиев Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды
Новость

Намазалиев Алтынбек Адбисаламович Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка мурда ээлеген кызматынан бошотуп Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Борбордук аппараттын жамаатына облустун жаңы башчысын Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов тааныштырды.