Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга Кыргызстанга расмий визити менен келди. Жогорку даражалуу мейманды премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "Манас" эл аралык аба майданынан тосуп алды.
Халтмаагийн Баттулга расмий визитинин алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтуу тууралуу сүйлөшөт. Расмий визитинен кийин 13-14-июнь күндөрү анын ШКУнун саммитине катышаары күтүлүүдө.
Эскерте кетсек, Монголия 2004-жылдан бери ШКУда Байкоочу мамлекет катары эсептелет. Ал эми 2018-жылы Халтмаагийн Баттулга Монголиянын ШКУга мүчө болуп кириши керектигин айткан. Анын айтымында, ШКУга мүчө болуп кирүү Монголиянын экономикасынын өнүгүшүнө өбөлгө болуп, жаңы ири долбоорлорду ишке ашырууга түрткү болот.