Кыргызстан менен Монголия президенттеринин расмий жолугушуусу өтүүдө
Новость KTRK/videograp

Кыргызстанга расмий визит менен келген Монголиянын Президенти Халтмаагийн Баттулганын катышуусунда Монголиянын Элчилигинин ачылышы өтөт. Баттулга расмий сапарынын алкагында «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине дагы барат. 

Учурда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Президент Сооронбай Жээнбеков менен Монголиянын Президенти Халтмаагийн Баттулганын расмий жолугушуусу өтүүдө.