Таланттуу ырчы Минюра Рахимжанова сахнага кайтты.

Нурмат Садыров темир тулпарлуу болду.
Торгоюм деп сыздап жүргөн ырчы Нурмат Садыров өзүнүн кыялын орундатып Лексус 470 маркасындагы автоунаалуу болду. Бул тууралуу ырчы мырза “Мага көбүнчө Лексус маркасындагы машиналар жагат, өзүмдүн буга чейинки машинам дагы ушул маркада болгон, бирок ал чакан болгондуктан чоңураак типтеги машиналуу болгум келип, ушул машинаны сатып алдым, түсү ак жана 4 дөңгөлөгү жалаң гана элимдин жакшылыгына кызмат кылып жүрсүн деген ниет менен жакшылыктарда айдап жүрөм”- деп билдирди.

Ырчы Ильяс Кудретов экинчи ирет ата болду.
“Добулбас” тобунун солисти, учурда жеке ырчы катары чыгармачылыгын улантып жаткан Ильяс Кудретов уулдуу болду. “Жубайым 9-июнда Ош шаарындагы төрөтканалардын биринде көз жарды, эне-баланын абалы жакшы. Уулум 3 жарым килограмм салмакта төрөлдү, бою 53 сантиметр. Буга чейин уулдуу болсом атын Абдулла коём деген ниетим бар болчу. Ата-энем менен кеңешип, ушул ысымга токтолдук” – дейт ырчы. Белгилей кетсек, Ильяс Кудретов менен жубайы Нурзада 2017-жылы Наима аттуу кыздуу болушкан.
