Бишкекте "Манас" операсы чоң аншлаг менен өттү
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHT Кытайдын Борбордук опера театры Бишкек шаарында "Манас" операсын бүгүн экинчи күнү коюп жатат. Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын залына эл толо келген. Кыргызстандыктар ушуну менен экинчи күн манасчы Жусуп Мамайдын варианты боюнча коюлган "Манас" операсын акысыз жана кызыгуу менен көрүп жатышат.