ШКУга мүчө-мамлекет башчыларынын жыйыны
Новость

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин Бишкек шаарында өтө турган жыйынын чагылдыруу үчүн 500дөн ашуун чет элдик жана жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү аккредитацияланды.


POST1RIGHT Бүгүн, 14-июнда «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп жатат.

Мисалы, Индиянын, Казакстандын, Кытайдын, Пакистандын, Россиянын, Тажикстандын, Өзбекстандын, Ооганстандын, Белоруссиянын, Ирандын, Монголиянын жана Япониянын 115 жалпыга маалымдоо каражаттарынан 443 чет элдик журналисттер иш-чараларды чагылдыруу үчүн аккредитациядан өтүштү. Ошондой эле, Кыргызстандын 32 жалпыга маалымдоо каражаттарынын 94 өкүлү аккредитациядан өтүштү. POST2LEFT