Ырчы Самара Каримова 7 тилде ыр жаздырды.

Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова кызынын жентек тоюн өткөрүштү.
16-июнда чыгармачыл түгөйлөр Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова кызы Дариянын жентек тоюн беришти. Ырчылардын кызы Дариянын урматына Аско "Дария" аттуу ырын аткарды. Той туура 5 жарым саатка созулду. Той ээси Нурлан Насип: "Буга чейинки тойлорду, анын ичинде биздин үйлөнүү тоюбузду ата-энем өткөргөн. Бул ирет тойдун бардык ишин өз колубузга алдык. Асел экөөбүз түтүн булатып жашай баштагандан берки алгачкы жакшылыгыбыз", - деп билдирди. Дариянын жентек тоюна КР эл артисти Роза Аманова, КР эмгек сиңирген артисти Расул Маматкулов, КР эмгек сиңирген артисти, актёр Темирлан Сманбеков, КР эл артисти Гүлнур Сатылганова, Мерген Турган жана башкалар келди.
