Орозбек Опумбаев УКМК төрагасы болуп дайындалды
Новость KTRK/videograp

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Опумбаев Орозбек Найманович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды.

Мамлекет башчысынын башка чечими менен ал Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары кызматынан бошотулду.