ӨКМ: сууга кулап кеткен кыздын сөөгү табылды
Новость KTRK/videograp

Өзгөчө Кырдаалдар министрлиги бүгүн саат 13:00дө Аламүдүн дарыясынан 16 жаштагы кыздын сөөгүн тапканын кабарлады. Күбөлөрдүн көрсөтмөсүндө, каза болгон кыз дарыянын боюнан "селфи" жасайм деп сууга кулап кеткен. 

Учурда текшерүүлөр жүрүп жатат. Маалыматка ылайык, сууга агып кеткен кыз 2003-жылы туулган. Издөө иштерине 66 куткаруучу, 30 жергиликтүү тургундар жана 5 милиция кызматкери тартылып издешкен.