Унаа дарыяга кулап, эки адамдын өмүрү кыйылды
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHT

Ошто Ак-Буура дарыясына автоунаа кулап кетип, 2 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМ билдирет. 

Маалыматка ылайык, окуя Ош-Папан - Кожо-Келең жолунун 30-чакырымында болгон. Дарыяга кулаган унаанын ичинен табылган 43 жаштагы айдоочу жана 10 жаштагы жеткинчектин сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилди.