Беловодсктогу балдар психоневрологиялык интернаты текшерилди
Новость KTRK/videograp

Чүй облусунун Беловодск айылындагы балдардын психоневрологиялык интернаты толук оңдоодон өтүп, кошумча имарат да курулду. Куруу жана оңдоо иштери аяктагандыктан, тиешелүү кызмат өкүлдөрү жана журналисттердин катышуусунда рейд жүргүзүлдү. 

Бүткөрүлгөн ишти кабыл алууда белгилүү болгондой, балдар интернатынын бир бөлүгү толук ремонттолуп, бир бөлүгү бардык шарттары менен жаңы салынган. Атайын адистер текшерүүдөн өткөрүп, ишти кабыл алышууда. Курулуш иштери 2019-жылдагы республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган.