Өнөр жай өндүрүшү жана ишкерликтин абалы
Новость

POST1RIGHT

Акыркы эки жылдан бери Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшүн жана ишкерликти өнүктүрүүгө көп күч аракет жумшалууда. Бардык каржы институттарынын каражаты аймактарга бурулуп, дыйкан фермерлерди төмөн үстөк пайыздуу насыялар менен камсыздоо жүрүп, ишкерликти жаңы баштаган ишкерлерге салыктын айрым түрлөрүнөн жеңилдик берилүүдө. Бизнеске карата укук коргоо органдарынын текшерүүлөрүн азайтып, мыйзамсыз текшерүүлөргө чара да көрүлүп жатат.

Акыркы жылдардагы жыйынтыктарды карай турган болсок, өлкө аймактарында бир катар кайра иштетүүчү ишканалар ишке кирип, жарандар жумуш орду менен камсыз болууда. Сүт азыктарын кайра иштетүүчү, төө буурчакты таңгактоочу ишканалар курулду, мөмө жана жашылча жемишти сыртка экспорттоого багытталган логистикалык борборлор жанданып, продукциянын сапатын текшерүүчү фитосанитардык лабораториялардын көбөйүп жатканын белгилесек болот. Ишкер чөйрөгө шарт түзүп, өндүрүш тармагын колдоого алуу мындан ары да уланмакчы.