POST1RIGHT
Ысык-Көл облусунда эки автомашина сүзүшүп, 2 киши каза болду. Кырсык 7-июлда таңкы саат 4:30 чамасында болгон.
"Бактуу-Долоноту айылына жакын жерде Лексус жана БМВ үлгүсүндөгү эки автомашина кагышып, Лексустун айдоочусу менен 1 жүргүнчүсү каза болгон. Дагы эки жүргүнчүсү оор абалда Чолпон-Ата шаарындагы ооруканага жеткирилген. Жол кырсыгынын себептери такталууда.