Кыргыз-Чек айылынын жаштары айылына аялдама курууну колго алышты
Новость KTRK/videograp

Айыл муктаждыктарын жеринде, өз дараметтери менен чечип жаткан жаш муундардын катарында Кара-Суунун Кыргыз-Чек айылынын жаштары да бар. Демилгечи топ, өз айылына алгачкы ирет аялдама куруп жатышат. 

Элеттиктерди жаан-чачындуу күндөрү жаандан, жай күндөрү аптаптан корголой турган аялдама отургучтары, таштанды таштоочу чакалары менен бирге курулат. 

Ынтымактуу жаштардын тобу, ошондой эле, айылдагы багар-көрөрү жок же, жардамга муктаж кары-картаң, жалгыз бой энелерге да кол кабыш кылууну колго алган.