Төрт жүз эсе кымбатка сатылган кыргыз акчасы
Новость KTRK/videograp

Жакындан бери eBay деп аталган интернет-порталында 20 сом өзүнөн төрт жүз эсе кымбат баада сатылып жатат. Акчанын кайсы жылы чыкканы көрсөтүлгөн эмес, бирок ал төртүнчү чыгарылыштан (2009-жылы жүгүртүүгө чыккан) дешти.

Алгачкы баасы 125 доллар (8 миң 700 сом), тагыраагы өзүнөн 435 эсе кымбат болгон. 20 сомдуктун минтип кымбаттап кетишин анын төмөнкү номери — CI 0000005 менен байланыштырышты.