Лев Толстой көчөсү убактылуу жабылды
Новость www

POST1RIGHT Бишкек  шаарындагы  Лев Толстой көчөсү кыймылга жабылды. Мэриянын маалыматына ылайык, анын 7-апрель көчөсүнө кайрыла турган бөлүгүндө “Бишкек жылуулук тармактары” түтүктөрдү калыбына келтирүү иштерин аткарууда. 

Жумуштар 31-августка чейин созулат. Тыгындарды алдын алуу максатында айдоочуларга башка каттамдарды түзүп алуу сунушталат.