Кыргыз-корей өкмөт башчылары кеңири форматта жолугушту
Новость gov.kg

«Ала-Арча» мамлекеттик  резиденциясында  Корея Республикасынын Премьер-министри  Ли Нак Ендин  расмий визити өтүүдө. 

POST1RIGHT Бүгүн  эки  өлкөнүн Өкмөт башчыларынын  кеңири форматтагы жолугушуусу  болду.   Мухаметкалый Абылгазиев, Кыргыз  өкмөтү  Корея менен саясий диалогду  кеңейтүүгө  өзгөчө маани берерин белгиледи. Өз кезегинде Ли Нак Ен   Корея  Борбор Азия мамлекеттери менен оз ара алакаларды бекемдей тургандыгын айтты. 

Белгилей кетсек, 17-июлда  Корея Республикасынын Премьер-министри Ли Нак Ён расмий сапары менен Кыргыз Республикасына келди. Анын  алкагында корея компанияларынын катышуусунда кыргыз-корея бизнес-форуму өттү.  Расмий сапардын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюу пландалууда. Ошондой эле Корея Республикасынын Премьер-министрин Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кабыл алат.