Өспүрүмдөр үчүн Кара-Кужур жайлоосунда эко-арт лагерь уюштурулат
Новость KTRK/videograp

Нарындын Кара-Кужур жайлоосунда эко-арт лагерь уюштурулат. 20-28-июль аралыгында өтө турган иш-чарага 20 өспүрүм катышат. Алар кино, актердук чеберчиликтен сабак алып, живописти үйрөнүү менен экология жаатындагы билимдерин кеңейтишет. 

Өспүрүмдөргө кинорежиссор Айбек Дайырбеков, көркөм өнөр искусство илимдеринин кандидаты, Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын ээси, сүрөтчү Замир Илипов, Манас таануу боюнча белгилүү адис Кундуз Жусупбекова, күрөш чебери, доцент Максат Оморов устаттык сабактарды өтүшөт. Таза аба, ажайып кооз жаратылыш койнунда, интернетсиз шарттагы лагерди "Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду менен Германиянын жаратылышты коргоо бирикмеси уюштуруп жатат.