Коомдук биринчи канал менен "Элим, барсыңбы?" кайрымдуулук фонду биргелешип уюштурган "Жүрөктөн жүрөккө" долбоору уланууда. Бул ирет 24 жаштагы Каныкейге жасалма бут, чыканак салуу үчүн операциясына 13 миң доллар акча каражаты керек болууда.
Жүзүнөн жылдызы жанып, ажары менен ыйманы келишкен Каныкейдин колу-буту ооруп, жаны кыйналса да оорусун сабыр менен жеңүүгө аракет кылып келет. Кыймылсыз жата бергенден көрө сыртка чыгып ары-бери басып турууну жактырат. Тепкичтерден өйдө чыгууда кыйналгандыктан улуу эжеси жөлөп таяп ар убак жардам берет. Эки баласы менен кошо кичүү сиңдисин да багууга аргасыз. Адегенде апасынан андан соң атасынан ажыроо Каныкей үчүн чоң сокку болгон. Жакын адамдарын жоготуп, жан дүйнөсү сыздаган жаш кыздын кайгысына оорусу кошулуп, өөрчүп кеткен.
Тагдырдын оор сыноосуна моюн сунган Каныкей 18 жашка толгондо өз каалоосу менен Төмөнкү Серафимовкадагы балдар үйүнө барып жашаган. Ал жерде бош жүрбөй жөндөмдүүлүгүн өстүрүп, кол өнөрчүлүктү терең өздөштүргөн. Кымбат убактысын, түн уйкусун бөлүп чебер колу менен жасаган кереметтүү кооз буюмдары менен “Элим, барсыңбы?” кайрымдуулук фонду өткөргөн сынакка катышып 2-орунду жеңүү менен компьютерлүү болгон.
Сөөктөрү жарабай оорусу чегине жеткендиктен, Каныкей белгилүү ортопед, айтылуу академик Сабырбек Жумабековго көрүнгөн. Дарыгер эндопротез салуу операциясын бекер коюп берүүнү убада кылган. Өткөн көрсөтүүбүздө 9 жаштагы Рамзандын апасы баласынын көзүнө карек салдыруу үчүн Түркиядан жасалуучу операциясына жардам сурап кайрымдуу элге кайрылган болчу. Жеткиликтүү сумма чогулбаса да, боорукер мекендештерибизден "Элим, барсыңбы?" кайрымдуулук фондунун капчыгына 17 миң сом акча каражаты топтолгон. Жыйналган акча баланын апасы Алтынай айымга тапшырылды.
Ден соолугу начар, жардамга муктаж жарандарыбызга кол сунуп жардам берели. Ал үчүн “Элим, барсыңбы?" кайрымдуулук фонду тарабынан ачылган “Элсом” капчыгы аркылуу 0772 00 20 15 номуруна мүмкүнчүлүгүңүздөргө жараша акча каражатын которууну унутпаңыздар.
KTRK/videograp