Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн жоокерлери Тюменде өтчү сынакка катышышат
Новость KTRK/videograp

Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн 25 жоокерден турган командасы эл аралык аскер оюндарынын алкагында Тюмень шаарында өтчү "Коопсуз маршрут - 2019" сынагына катышат. Бул тууралуу Генералдык штабдын маалымат кызматы билдирди. Эл аралык беттеш 5-августтан 12-августка чейин өтөт. 

Ага ылайык, аталган мелдешке катышуу үчүн Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн кургактагы аскерлери "Эдельвейс" окуу борборунда атайын машыгуудан өттү. 

"Учурда Кыргызстандын командасы Россиянын Коргоо министрлигинин "Андреевское" полигонуна келип, тыкыр машыгып жатат", - деп айтылат маалыматта. 

Инженердик бөлүмдөрдүн "Коопсуз маршрут" эл аралык конкурсу 2015-жылдан тарта өтүп келет. Быйыл ага Кыргызстандын, Беларустун, Өзбекстандын жана Россиянын жоокерлери катышып, бардыгы тең Россиянын инженердик техникаларын колдонот. Мелдеш төрт этаптан турмакчы.