ӨКМ: күйүүчү май ташыган унаадан өрт чыкты
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHT Ош шаарында күйүүчү май ташыган автомашинадан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

 Маалыматка ылайык, Ош шаарындагы Ак-Тилек кичи районундагы  Мамыров көчөсүндө жайгашкан май куюучу жайда күйүүчү май ташыган автомашинадан  чыккан  өрттү өчүрүүгө  6 бөлүм тартылган. Алдын ала маалыматтар боюнча өрт  кырсыгынан  жабыркагандар жок.