Кыргыз темир жолу быйыл 95 жылдык мааракесин белгилеп жатат
Новость www

POST1RIGHT

Бул күнгө арналып, борбор калаадагы "Пишпек" сейил багында майрамык иш-чара болуп өттү. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын алдыңкы кызматкерлери өкмөттүн жана ведомстволор аралык Ардак грамота, баалуу сыйлыктар менен сыйланышты. 

Салтанаттан кийин улуттук оюндар, кичи-футбол, чоюн шарды көтөрүү жана башка спорт түрлөрү боюнча мелдештер уюштурулду. Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө баалуу белектер, медалдар ыйгарылды. Өлкөдө бул майрам августун биринчи жекшембисинде жыл сайын белгиленип келет.