Кыргызстандык төрт тасма Башкортостанда өтө турган «Күмүш ак боз ат» эл аралык фестивалына катышат. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.
POST1RIGHT Фестиваль 24-27-август күндөрү Башкортостандын борбору Уфа шаарында өтөт. Ага Россиядан тышкары 10 өлкөдөн 48 тасма катышат. Фестивалга катышуу үчүн Россиянын 34 аймагынан жана 28 өлкөдөн билдирүү келип түшкөн.
Аталган фестивалда Кыргызстандын атынан эки оюн жана эки даректүү тасма ат салышат.
Айбек Дайырбековдун «Дарак ыры» тасмасы (Россия менен бирге) Этникалык жана улуттук кино бөлүгүндө катышат. Ал эми Бекзат Пирматовдун «Аврора», Азамат Шаршеновдун «Жашоо керемет» жана Ибадылла Ажыбаевдин «Мугалим» тасмалары фестивалдын социалдык жана мотивациялык кино бөлүгүндө көрсөтүлөт.