POST1RIGHT
Ысык-Көл облусундагы айдоо аянттарын сугат суу менен камсыз кылуу иштеринде быйыл бир катар жаңылануулар бар. Себеби иригациялык системаны калыбына келтирүүчү иштери өкмөттүн колдоосуна ээ болгон. Айрым суу каналдары жаңыртылып, капиталдык курулуш иштери жүрүп жатат.
Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылында беш чакырымдан ашык жаңы суу каналы салынууда. Бул долбоорду өкмөт колдоого алып 2018-жылы жалпы алтымыш миллион сом бөлүп берген. Долбоорго ылайык жаңы канал аркылуу миң гектардан ашык аянт сугат суу алат жана 490 миң кубометр сууну өзүнө топтой алган суу топтоочу жайга (БСР) суу жетет.
Айыл өкмөтүнөн билдиришкендей суу каналын салып жатканда татаал участкалар абдан көп экени билинди. Көп жерлерине техника такыр бара албайт. Айрым жерлерине таш төшөсө, башка бир жерин бекемдеп бетон куюш керек. Чолпон-Ата шаарын аралай кеткен бул чоң суу жаз алды менен жана кыш түшкөнгө чейин эч кимге пайдасы тийбей агып кетчү. Долбоор аяктаса, мурда даярдалган суу топтоочу жайга суу жетип, сугат маалында элге берилет. Азыр жалпы жумуштун жетимиш беш пайызга жакыны аяктап калды.