Чолпон-Атада Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйыны өтөт
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHT  Ысык-Көл ушул аптада маанилүү экономикалык маселелерди талкууга ала турган аянтчага айланат. 9-августта Чолпон-Атада Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйыны өтөт. 

Апрель айынын соңунда Арменияда өткөн жыйында Премьер-министр Мухаммедкалый Абыгазиев Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кийинки отурумун Чолпон-Атада өткөрүүнү демилгелеген. Уюмга мүчө мамлектеттердин өкмөт башчылары бул жолу да кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган бир катар маанилүү маселелерди талкуулаганы турат.