Кайгуул милицияга кабыл алуу сынагынын II туру башталды
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHT Кайгуул милиция башкармалыгына кабыл алуу сынагынын 2-туру башталды. Каалоочулар 24-августка чейин документтерин тапшырса болот. Жарандардын жаш курагы 19 жаштан 30 жашка чейин, ал эми ИИМдин кызматкерлериники 21 жаштан 35 жашка чейин болуш керек. 

Жаңы кызматты түзүү сунушу Президент Сооронбай Жээнбековдун демилгеси менен түзүлгөн атайын жумушчу топко таандык. Жумушчу топ реформанын алкагында кызматкерлерди толугу менен сынак аркылуу кабыл алып, алардын иштөө тартибин жаңы талаптарга ылайык өзгөртүүнүн үстүндө иштеп жатышат.