Президент жер тууралуу актыларга өзгөртүү киргизди
Новость www

POST1RIGHT Президент  Сооронбай Жээнбеков «Жерди пайдалануу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзамдын максаты байланыш курулмаларын жайгаштыруу үчүн жер участокторун алуу жана аны жөнөкөйлөтүү тартиби менен байланышкан учурдагы көйгөйлөрдү чечүү болуп саналат.

POST2LEFT Бүгүнкү күндө маалыматташтыруу чөйрөсүндөгү жана электр байланыш  тармагындагы  башкы   көйгөйлөрдүн  бири катары республиканын  региондорундагы телекоммуникациялык инфратүзүмдүн  бирдей эмес өнүгүүсү белгиленген. Бул  түздөн-түз интернеттин начар жана региондордун маалыматтык жактан теңдешсиз болушуна алып келүүдө.

Белгилей кетсек, Өкмөттүн  «Ишеним жана биримдик» программасына ылайык республиканын аймагынын 85 пайызын жогорку ылдамдыктагы интернет менен камтуу милдети  коюлган.