Мамлекеттик тил мыйзамынын 30 жылдыгы белгиленет
Новость KTRK/videograp

Бишкекте мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрүү пландары боюнча маалымат жыйыны өттү. Маалым болгондой, мааракени өткөрүү боюнча атайын уюштуруу комитети түзүлүп, аны вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жетектейт. 

Бул датага карата 1-сентябрда айтыш сынагы өтөт. Ал эми 23-сентябрда чоң гала концерт уюштурулат. Андан тышкары облустук, райондук жалпыга маалымдоо каражаттары, театрлар, китепканалар бул күндүн өзгөчөлүгүн даңазалашат. Ошондой эле, "Кыргызтест" мамлекеттик мекемеси электрондук тест жана кыргыз тилин үйрөнүү боюнча мобилдик тиркемени даярдоодо.