Сейитбек Атамбаевдин баштыгынан акчалар табылды
Новость

POST1RIGHT

Башка кабарлардан, Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейитбек Атамбаевдин кайнатасынын Бишкектеги үйүн тинтүүдө ага тиешелүү ири суммадагы каражат табылды. 

Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди. 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуяларга байланыштуу Сейитбек Атамбаевдин кайнатасынын үйү тинтүүгө алынган. 

Анда Атамбаев 8-августта таштап кеткен баштыктан 170 миң сом жана адамдардын аты-жөнү, телефон номурлары жазылган барактар табылган. 

Ошондой эле 2 млн. 225 миң сом жана 316 миң доллар коротулганы жазылган барак да чыккан. ИИМ бул сумма массалык башаламандыкты уюштургандарга сарпталган акча болушу мүмкүн экенин кабарлады.