POST1RIGHTБул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, ал "күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, тиешелүү дарылануу алып жатат".
УКМКнын Тергөө абагында отурган Исаков ооруканага которулганы 16-августта белгилүү болгон. Атайын кызмат ага “кыр арка артериясынын синдрому” деген диагноз коюлганын билдирген.
Сапар Исаков Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоодогу жана Улуттук тарых музейин оңдоп-түзөөдөгү жемкорлукка тиешеси бар деп, 2018-жылы камалган. Кылмыш иши боюнча соттук териштирүү уланып жатат.