Кыргызстандагы Жеңиш чокусунда дайыны чыкпай калган казак альпинисттерин издөө уланып жатат. Үч киши Тянь-Шань тоо кыркасында жайгашкан чокуда 18-августта жоголгонун жакындары маалымдашты.
Баштапкы кабарларга ылайык, алардын бирөө каза болгон. Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги альпинисттерди «Ак-Сай Тревел» компаниясынын адистери издеп жатканын билдирди.
Издөө иштерине 19-августта казакстандык адистер да кошулган. Жоголгондордун аты-жөнү - Мурат Отепбаев, Андрей Корнеев жана Александр Чечулин. Жеңиш чокусунун бийиктиги 7439 метр.