Ош—Бишкек жолунда футбол клубу кырсыктап, оюнчу каза болду
Новость KTRK/videograp

Бишкек — Ош унаа жолунда Ысык-Көлдүн "Лидер" клубунун футболчулары келе жаткан кичи автобус "Honda Stepwgn" үлгүсүндөгү унаа менен кагышып, бир спортчу каза болду. Бул туурасында Чүй облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди. 

Окуя 22-августта, таңкы саат 7:00дөр чамасында 197-чакырымында, Өтмөк ашуусуна бурула берген жерде болгону айтылат. "Академия-Лидер" командасы 21-августта Ош шаарында "Алай" командасы менен беттеш өткөрүп 1:3 эсебинде утулган. Команданын курамында 14 оюнчу болгон.

Алдын ала маалымат боюнча, "Mercedes-Benz Sprinter" үлгүсүндөгү кичи автобус Оштон Бишкекке келе жаткан.