Өкмөт жер тилкелерин трансформациялоо боюнча укукту жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга өткөрүп берүүнү демилгеледи. Премьер-министр бул багытта жумуш кеңешмесин өткөрдү. POST1RIGHT
Өкмөт башчы белгилегендей, баалуулугу төмөн айыл чарба жерлерин баалуу түрлөрүнө, баалуулугу теңдеш айыл чарба жерлерин - бир түрдөн башка түргө которуу бүгүнкү күнү жергиликтүү мамлекеттик органдар тарабынан ишке ашырылат. Калган жерлерди бир категориядан башкага которуу өлкөдө өкмөттүн чечимине ылайык жүргүзүлөт.
Кеңешменин жүрүшүндө Юстиция министри Марат Жаманкулов «Жер пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу» Өкмөттүн токтому демилгеленип жатканын айтып берди.
Бул мыйзам долбоору ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жерлерди трансформациялоодогу компетенциясын, тагыраагы жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын укуктарын аныктоо боюнча жер мыйзамдарынын ченемдерин жакшыртуу максатында иштелип чыккан.