Белгилүү эколог Эмил Шүкүров дүйнө салды
Новость KTRK/videograp

Белгилүү эколог Эмил Шүкүров 81 жаш курагында дүйнө салды. Эмил Шүкүров 1938-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик университетинин биолог-зоолог адистиги боюнча, Москва мамлекеттик университетинин аспирантурасын аяктаган.

Узак жылдар бою Кыргыз микробиология жана гигиена институтунда эмгектенип, илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөн.

География илимдеринин доктору, биология илиминин кандидаты илимий даражасын коргогон. Өмүрүнүн акыркы жылдары Кыргызстандагы экология маселесин көтөрүп жүргөн.