«Centerra Gold» менен өкмөттүн ортосундагы жаңы келишим күчүнө кирди
Новость KTRK/videograp

Кыргыз өкмөтү менен «Centerra Gold» компаниясынын ортосундагы стратегиялык келишим күчүнө кирди. Бул тууралуу Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өткөргөн кеңешмеде айтылды. 

Узакка созулган кошумча сүйлөшүүлөрдөн кийин, келип түшө турган сумма 150 млн. долларга жетти. Анын ичинде Онкологияга каршы өнүктүрүү фондуна учурда келип түшкөн 7 млн. доллар бар. 

Өкмөт башчы Кумтөр кени иштей баштаган 22 жылдын ичинде биринчи жолу жаратылышты коргоо чараларына олуттуу каражат бөлүнүп жаткандыгын билдирди.