Төрөбай Кулатов менен Султан Ибраимовго эң жогорку даражадагы сыйлык ыйгарылды
Новость sputnik.kg

POST1RIGHT

Мамлекеттин өсүп-өнүгүшүнө бүтүндөй өмүрүн арнаган улуу инсандардын эмгеги эске алынып, көзү өтүп кетсе дагы, эң жогорку даражадагы сыйлык ыйгарылганы жакшы саамалык.

Мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында жекече сиңирген көөнөрбөс эмгеги, мекенчилдиги жана Ата Журтка чексиз берилгендиги үчүн советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер Төрөбай Кулатовго «Ак-Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы Президент Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгына ылайык ыйгарылды.
Ошондой эле өлкө башчысынын жарлыгы менен мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында жекече сиңирген көөнөрбөс эмгеги, мекенчилдиги жана Ата Журтка чексиз берилгендиги үчүн советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер Султан Ибраимовго «Ак-Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды . Убагында бааланбай калган өмүрү өрнөк инсандар бул сыйлыкка татыктуу экендигин жана бул чечим эн туура болгондугун айтып кубанышат замандаштары.

Президент өз ишин мыкты билип таза иштеген мекенчил улуу инсан Султан Ибраимов “Кыргыз Республикасынын Баатыры” деген жогорку даражалуу сыйлыкка эбак эле татыктуу экендигин жана аны эли эч убакта унутпай, жүрөгүндө бекем сактаарын мамлекеттик жана коомдук ишмердин 90 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара учурунда билдирген.

POST2LEFT

Күжүрмөндүүлүгү менен эң эмгекчил жетекчи катары элдин эсинде калган Төрөбай Кулатов эл башына 30 жашында келген. Жалындаган курч деми менен өлкөнү өнүктүрүүгө бел байлап, адегенде 1937-жылы СССР Жогорку Советинин депутаты болуп шайланып, кийинки жылы Кыргыз ССРинин Эл комиссарлар комитетинин төрагасы болуп шайланган. Кийинки жылдарында Чоң Чүй каналынын, Фрунзе - Ош унаа жолу менен Рыбачье - Быстровка темир жолунун курулуштарын демилгелеген. 40 жылдан ашык жогорку кызматтарды татыктуу аркалап өлкөнү өнүктүрүүгө бардык күч-кубатын жумшаган.

Султан Ибраимов кезегинде республиканын cуу чарба министри, партиянын Ош облустук комитетинин биринчи катчысы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы, Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы болуп эмгектенген. Ошондой эле СССР жогорку советинин 8-10-чакырылыштарынын депутаты жана КПССтин XXIV съездине делегат болуп шайланган. Эки жолу Ленин, Октябрь революциясы, эки жолу Эмгек Кызыл Туу орден жана медалдар менен сыйланган. Унутулгус улуу инсандар менен иштешкенине замандаштары сыймыктанышат.

Легендага айланган инсандар Төрөбай Кулатов менен Султан Ибраимов сыяктуу иш билги, мамлекет үчүн күйгөн мекенчил инсандар коомубузда көп болсо дешет замандаштары.