POST1RIGHT
7-8-августта Аламүдүн районуна караштуу Кой-Таш айылындагы абалды иликтеп чыгуу үчүн мамлекеттик комиссия түзүлдү. Тиешелүү чечимге Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Мамлекеттик комиссияга бир ай аралыгында болуп өткөн абалды толук иликтеп чыгып, Жогорку Кеңешке маалымат берүү үчүн чечим даярдоо тапшырмасы коюлду. Мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп Вице-премьер-министр Жениш Разаков, орун басарлыгына депутат Бактыбек Раимкулов дайындалды.