Өлкөдө түндүк-түштүк жолунун курулушу жүрүүдө
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHT

Өлкөнүн түндүк-түштүгүн бириктирген альтернативдик жолдун курулушу белгиленген тартип менен баратат. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, жолдун курулушунда 2015-жылы тоннель жасоо иштеринде кыйынчылыктар пайда болуп, график кечеңдеген. Эми курулуш иштери ушул нукта жүргүзүлсө, бул жолду 2023-жылы пайдаланууга берүү пландалып жатат.

Долбоордун баасы дээрлик 500 млн. долларды түзөт. Жолдун жалпы узундугу 433 чакырым. Анын 1-2-фазасын куруш үчүн Кытайдан 400 млн. доллар алуу боюнча 2014-жылы келишим түзүлгөн. 3-фазасын куруш үчүн Азия өнүктүрүү банкынан жана Сауд Арабиясынын Өнүктүрүү фондунан 32 млн. доллар алуу боюнча келишим түзүлгөн.