POST1RIGHT
Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча кызмат коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн бирдиктүү эсепке кезектеги акчаны которду. Бул ирет которгон сумма 39 млн. 735 миң 700 сомду түзгөнүн мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Бүгүнкү күндө бирдиктүү эсепке экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы тарабынан которулган сумма 795 млн. 488 миң 600 сомго жетти. Бирдиктүү депозиттик эсеп 2018-жылдын 22-июнунда өкмөттүн токтому менен ачылган.
Эсепке мамлекетке зыян келтирген экономикалык кылмыш иштеринен кайтарылган каражаттар которулат.