Кумтөр келишими күчүнө кирди
Новость

POST1RIGHT

Кыргыз өкмөтү менен Центерранын ортосундагы стратегиялык келишим күчүнө кирди. Ага ылайык, мамлекетке учурдагы салыктардан тышкары дагы 150 млн. доллар келип түшөт. 

Документке 2017-жылдын 11-сентябрында кол коюлган. Жаңы өкмөт келишимди "өлкөнүн кызыкчылыгына туура келбейт" деп баалап, Центерра менен келишимдин шарттары боюнча жаңы сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. 

Эске салсак, Канадалык компания баштапкы келишим боюнча 2026-жылга чейин Кыргызстанга 87 млн. доллар котормок. Азыркы сүйлөшүүлөр боюнча мурдагы фонддордон сырткары, аймактарды өнүктүрүүдө социалдык өнөктөштүккө багытталган фонд ачуу үчүн  канадалыктар 10 млн. доллар которууга макулдугун берди.