КМШ мамлекеттери 2020-жылы эл каттоону электрондук негизде өткөрүүгө даярданууда. Бул тууралуу Бишкекте Көз Карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн статкомитеттиринин жетекчилеринин 60чы кеңешинде сөз болду. Уюмга мүчө мамлекеттерден Өзбекстан менен Азербайжан гана кагаз жүзүндө элдин санын чогултса, калган өлкөлөр жаңы технологияларды колдонот.
КМШ мамлекеттеринин статистикалык кызматтарынын жолугуушусу Бишкекте үч күндөн бери өтүп жатат. Акыркы күн КМШ мамлекеттеринде 2020-жылы өтө турган элди жана турак жайды каттоо темасына арналып, ага стат кызматтардын жетекчилери жана орун басарлары катышты. Келгендерге Кыргызстандын Президентинин Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары сөз сүйлөдү.
2020-жылы КМШ мамлекеттеринде эл каттоо жүргүзүү чечими 2016-жылы КМШнын мамлекет башчылары катышкан саммитте кабыл алынган. Эл аралык талаптарга ылайык, ар бир мамлекет 10 жыл сайын мамлекет ичинде эл каттоо иш-чарасын өткөрүп турушу керек. Кыргызстанда республикалык деңгээлдеги иш 2009-жылы өткөн. Келерки жылы мурдагыдан айырмаланып элдин санын каттоодо электрондук технологиялар колдонулат. Пилоттук негизде Ысык-Көлдүн Кум-Бел айылында бул тутум сыноодон өтүп жакшы жыйынтык берди.
КМШнын айрым мамлекеттери эл каттоо өнөктүгүн ушул жылдын октябрь айында баштаганы турат. Кыргызстанда эл каттоо келерки жылдын март айына белгиленди. Бул иштин жыйынтыгын стат кызматтардын жетекчилери эмки жылы беларусь кесиптештери төрагалык кылган кеңеште талкуулашат.