POST1RIGHT
Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
POST2LEFT
Министрлер кабинетинин дагы бир буйругуна ылайык, Эмилбек Алымкулов Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Эмилбек Алымкулов буга чейин Нарын шаарынын мэри болуп иштеген.