Суусамыр өрөөнүнө кар жаады
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHT

Өткөн түнү Суусамыр өрөөнүндө кар жаады. Өрөөндө жааган кардын калыңдыгы 10-15 смге жетет. Учурда Төө-Ашууда жана Суусамыр өрөөнүндөгү жолду жааган кардан тазалоо иштери жүрүп жатат. 

Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдиргендей, жолду тазалоо иштерине 4 техника тартылып, 75 тонна инерттик материал жумшалууда.