POST1RIGHT
Баткен облусунда токой тармагынын түзүлгөндүгүнүн 72 жылдыгы белгиленүүдө. Облус боюнча жалпысынан 435 миң гектар токой фондунун жерлери болсо, токой чарба кызматкерлери жыл сайын мерчемдүү көчөттөрдү тигип, айыл жерлерин жашылдандырууга көмөк көрсөтүшөт.
Муратали Ташматов токой чарбасында 30 жылдан бери эмгектенип келет. 15 гектар жер аянтына көчөттөрдү өстүрүп, жыл сайын айылдарды жашылдандыруу, жаңы токой аянттарын түзүү боюнча иш алып барууда. Лейлек районунда эле бул жылы 35 гектарга арча көчөттөрү отургузулган.