Улуттук көчмөндөр оюндары башталды
Новость KTRK/videograp

Бүгүн Таласта Улуттук көчмөндөр оюндары башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Көчмөндөр оюндарынын алкагында алгач улуттук этноспорттун түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлөт. 19-сентябрдан тартып “Манас Ордо” тарыхый комплесинде Кыргызстандын жети облусунан жана эки шаарынан барган өнөрпоздор ар бир аймактын өзгөчөлүгүн даңазалаган маданий программаларды тартуулайт. Иш-чара 21-сентябрга чейин созулат.