POST1RIGHT Бүгүн Кой-Таш айылындагы Жаннат мейманканасында «Борбор Азия: Заманбап чакырык жана пенитенциардык системадагы тобокелчиликтер» аталышындагы эл аралык илимий-практикалык форуму башталды. Бул тууралуу “Биринчи радиого ” Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын билдиришти.
Иш-чара Борбор Азия өлкөлөрүндөгү абактарына агартуу саясатын иштеп чыгуу, эркинен ажыратылгандарга зордук-зомбулук көрсөтүлгөн фактыларды аныктоо жана алардын жаза мөөнөтү бүткөндөн кийин коомчулукка аралашуусуна жардам берүү максатын көздөйт.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, Тажикстан жана Өзбекстандын Жаза аткаруу органдарынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү мейман катары чакырылган.