Баткендиктер эч кайда көчүрүлгөн жок, алар өз үйлөрүндө калууда
Новость

POST1RIGHT

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында атышуу болгон аймактан Баткен облусунун тургундары эч кайда көчүрүлгөн жок, алар өз үйлөрүндө калууда. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров биздин каналга билдирди.

Баткендеги социалдык мекемелер да өз нугунда иштеп жатат. Эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүү өткөрө турганы айтылган. Ушул тапта Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусунда жүрөт.