"Манас Ордо" комплексинде этнобазар уюштурулду
Новость KTRK/videograp

POST1RIGHT

"Манас Ордо" комплексинде Улуттук көчмөндөр оюндарынын алкагында уюштурулган этнобазар ачылды. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан келген ишканалардын уз, чеберлери катышууда. 

Этнобазарга улуттук кийим-кечелер, белектер, зер буюмдар, улуттук оймо-чиймелер түшүрүлгөн идиштер, музыкалык аспаптар жана башкалар коюлган. 

Эскерте кетсек, Көчмөндөр оюндарынын маданий иш-чаралары эртең "Манас Ордо" комплексинде өтөт.